Ата акылына таянган адашпайт. Бала менен ата-эне мамилеси алсыроодо

“Ата көргөн – ок жонот, эне көргөн – тон бычат” деп бекер айтпайт акылман кыргыз. Баланын кандай өсүшү, калыптанышы, жетилиши ата-энеден алган тарбиясына, көргөн мамиле-мээримине жараша болот дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.
Sputnik
Кайсыл бир заманда бир тарбиялуу жигит болуптур. Ага менин балам ушундай болсо деп арзуу кылгандар да, ошол эле мезгилде кадыр-ызат жагынан тең келе албастыгынан кызыл өңгөчүн тарта ичи тарый кызгана карагандар да аз эмес экен. Сени жек көргөн адамдын жылуу кебиңе, жумшак мамилеңе ийип, күн илеби сүйгөн кардай эрип кетиши бат эле дешет. Бирок көрө албастын көйгөйү оор. Анын карайган жүрөгүн жакшы сөз, ак ниеттүү алака менен аруулап алыш дээрлик мүмкүн эмес. Ошон үчүн көрө албастык сезими кайрымдуу, жакшы иш менен тапкан соопторуңду сакалды же чачты устара менен кыргандай жок кылат тура. Айтор, көрө албастыкка алдырган бир бузуку көр пенде инисинби, же жалданып иштеген мандикеринби, ошол жигитти ак жолдон азгырып, абийирсиздиктин баткагына батырмакка жумшап, ар түрдүү айла-амалдарды жасай баштайт. Акчанын кызыгына арбалабы десе андан майнап болбой, аялзатынын торуна чалынабы десе мындан жыйынтык чыкпай, уулуу ушакка муюйбу десе бул ыкмасы иштебей, ортомчу адам-азыткы суй жыгыла чарчайт. Жумшаган немеге улам жолугуп, түркүн амалдарын ойлоп таап, бузукулук капканына кабылтууга канча жан үрөсө деле баягы жигит оң-солго бир сөөм да кыйшайбай түз жолдо бекемдигинен жазбайт. Акыры арам максаты ишке ашпай жыдып бараткан көрө албас көр пенде жалдаган кишисин жигиттин үйүнө барып кандай жашаарын, ким менен баарлашарын билип келүүгө жумшайт. Буйруктун өтөсүнө чыгып келген адам жигиттин үйүндө ата-энеси барын, ар бир ишин аларга, өзгөчө атасына кеңеш салып жасай турганын айтат. Ошондо көрө албас көр пенде “андай болсо жигитти жолдон чыгарам деп убара болбо. Атасынын акылы менен иш жасап, кадам таштаган немени сен экөөбүз эмес шайтан да адаштыра албайт” деген экен шагы сына.

Бошогон байланыш

“Ата көргөн – ок жонот, эне көргөн – тон бычат” деп бекер айтпайт акылман кыргыз. Баланын кандай өсүшү, адам катары калыптанышы, жетилиши ата-энеден алган тарбиясына, көргөн мамиле-мээримине жараша болот. Андыктан үй-бүлөдөгү ата-эне жана балдар карым-катнашы — коомдун, элдин кандай сапатта болорун аныктаган өтө маанилүү көрүнүш. Ушул карым-катнаш бекем болсо никесиз төрөө, наркомания, суицид, адепсиздик, мектеп рэкети, окуучулардын көчөдөгү төпөлөшмөйлөрү сыяктуу көптөгөн социалдык көйгөйлөр өтө аз болмок, дагы далай көйгөйлөрдүн чиеленген түйүнү өзүнөн өзү чечилмек. Бирок, аттиң, азыркы заманда ата-эне — бала мамилеси улам барган сайын алсырап барат. Миңдеген ата-эне бала-бакырасын жакындарына аманат тапшырып, өздөрү каражат тапканы тышка мигрант болуп кетишти. Ата-энеси тирүү туруп “социалдык жетим” атыккан 70 миңге чамалаган бир катмар ошондон улам пайда болду. Уул-кызы менен бир туруп, чогуу жашаса да аларга көңүл буруп, мээрим төгүп жарытпаган ата-энелер канча? Өз чүрпөсүнөн аяган убактысын сериал көрүүгө, телефон чукулоого же достору менен шеринелешүүгө ченебей бергендер четтен чыгат. Ушундай шартта кантип ата-эне менен балдардын ортосунда бекем мамиле, ынак баарлашуу орун алсын? Сериалдын каарманы карыганыңда канатына калкалап бакпасын, телефонуң чай куюп, телевизоруң отуңду жагып кызматыңды кылбасын, чайлашкан, бильярд ойноп, топ тебишкен досторуңдун ондон тогузун башыңа бир иш түшсө сыйпалап таппай каларыңды билгениңде, балким, балдарыңа башкача мамиле кылмаксың. Телефонуң бузулса көзүң эс алып, мээң мемирей түшөт, а бирок балаң оюңдагыдай чыкпай калса арылбас арманга түшкөнүң ошол.
Мээленген жаанын жебеси. Адамга берилген үч кымбат нерсе

Дос ата-эне боло албайт

Натыйжада ата-энесине жүрөгүн кулпулап салган тоң пейил бүтүндөй бир муун жетилип чоңоюуда. Аларга атага караганда дос, энеге караганда курбу ишенимдүүдөй туюлат. “Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун” дегендей, тели-теңтуштун көбүнө не жетсин. Бирок адамзаттын тең жарымы менен жанажан достук курсаң жана алардын баары биригип келсе да атаң менен апаң арначу назик, тунук, жылуу сезимдин, күйүмдүн, мээримдин миңден бирин бере алышпас. Демейде дос менен таттуу мамиле бир ачуу урушканча же катуу таарынышканча гана. Ал эми ата-эне сен жаңы төрөлүп, кызыл эт балапан кезиңде таштабаган, чанбаган, мындан ары да эч качан таштабайт, чанбайт, сатпайт, артыңдан бычак сайып, алдыңдан ор казбайт. Алака кылууда достун энсиз эсеби жана аз да болсо кызыкчылыгы жок эмес. Ата-эне сени шарт-талабы жок акысыз багып, бала өстүрүү жана тарбиялоонун аска-зоодой түйшүгү үчүн кымындай кайтарым күтпөй эрезеге жеткирди. Колу кыбырап, буту тыбырап турган кезинде мейли балалыгың өтүп, жигит кезиң кетип, атан төөдөй алп адамга айлансаң да сага бергенден, сени колдогондон жана сүрөгөндөн чарчабайт да ноюбайт. Анан неге дос-чарга ачкан жүрөгүңдү ата-энеңе жаап, кулпулап койдуң? Сенин көйгөйүң бирөөгө – ушак сөз, бирөөгө – күлкү, бирөөгө – таба, бирөөгө – кымындай кызыгы жок куру кеп. Бирок ата-энең үчүн – өзүңкүнөн да өткөн көйгөй.
Ишен, бир боорум, ал көйгөйдөн чыгуунун сен таппаган жолун ата-эне көргөзөт. Анын бай турмуштук тажрыйбасы, сага карата өзгөчө мээрими жана күйүмү жол издеп таап берет. Жогорудагы жомокто айтылган жигит ошон үчүн бактылуу, жолдуу жана ийгилик жылоосунда.
Ата-энеңе жүрөгүңдү ач, аны менен сырдаш бол. Анткени ата-эне сага дос боло алат, бирок дос эч качан ата-эне болуп бербейт. Бейиш энеңдин таман астында болсо, атаң ошол бейиштин ортоңку эшиги деп бил. Ал экөө бардыгынын ордун толтурат, бирок баары биригип келип экөөнүн ордун толтура албас. Сенин жетишкен ийгиликтериң, тапкан жакшылыктарың алардын ак батасы менен шарапаттуу жана берекелүү. Ата-эне менен балдар жагымдуу баарлашканы жана таттуу мамиле курганы менен таанылган эл бололу, ылайым.
Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот. Кыргыздын канындагы берешендик кайда кетти