БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги Йемендин түндүгүн башкарган "Ансар Аллах" (хуситтер) кыймылынын козголоңчулары учкучсуз учактар менен сокку ургандан кийин өлкөдө дрон учурууга тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин БАЭ борбору Абу-Дабидеги бир нече объектиге, анын ичинде жаңы аба майдандын курулуш аймагына жана Улуттук мунай компаниясынын май куюлган цистерналарына пилотсуз учактар тарабынан катары менен сокку урулган. Анын кесепетинен үч киши көз жумуп, алты адам жаракат алган. Муну хуситтер БАЭге Йеменде аларга каршы согуштук аракеттерге аралашуусуна жооп деп атады.
БАЭнин Ички иштер министрлиги коопсуздук үчүн дрон ээлери менен спорттук учактарды кое бергендердин ишин токтотуп турууну чечкен. Бирок тасма жана жарнама тартам деген уюмдар бийликтен уруксат алса болот.
Йеменде өкмөттүк күчтөр менен хуситтер ортосундагы куралдуу тирешүү 2014-жылдын августунан бери уланууда. 2015-жылдан бери Сауд Аравиясы менен Бириккен Араб Эмирлиги жетектеген араб коалициясы өкмөткө кошулуп согушуп келет.