Армения президенти Армен Саркисян отставкага кетти

Саркисян парламент тарабынан 2018-жылы президент болуп шайланган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Армения президенти Армен Саркисян отставкага кетти. Бул тууралуу билдирүү өлкө башчынын сайтына жарыяланды.
Саркисян бул ойлонулган чечим экенин айтып, президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатына таасир этүүчү эч кандай куралга ээ эместигин жүйө келтирген.
"Биз президент тынчтык жана согуш маселелерине таасир эте албаган, өлкө жана анын эли үчүн максатсыз деп эсептеген мыйзамга вето кое албаган, өз потенциалын ички жана тышкы саясий маселелерди чечүүгө пайдалана албаган уникалдуу реалдуулукта жашап жатабыз. Дүйнө олку-солку болуп турганда президенттин мамлекетине жардам берүү үчүн эч бир конституциялык инструменти жок реалдуулукта өмүр сүрүүдөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.
Сөзүнүн соңунда Конституцияны өзгөртүү боюнча комиссия түзүлгөнүнө, өкмөттүн ишине ыраазычылык билдирип, армияга, Мекен үчүн жан берген жоокерлердин үй-бүлөсүнө алкыш айткан.
Эскерте кетсек, Саркисян парламент тарабынан 2018-жылы президент болуп шайланган. 2015-жылы өлкө парламенттик башкарууга өтүп, жети жылдык мөөнөткө шайланган президенттин укуктары кыйла чектелген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаев акыркы окуялардан кийин алгачкы жолу үн катты. Видео