Антонина Шевченконун UFC уюмундагы кийинки атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык спортчу акыркы эки кармашында жеңилүү ызасын тарткан. Кезектеги беттеши апрелдин этегинде болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Антонина Шевченко кийинки таймашын америкалык Кортни Кейси менен өткөрө турганын MMA Fighting жазды.
Мушкер кыздардын кармашы 30-апрелде UFC Fight Night турниринин алкагында өтөт. Беттештин кайсы шаарда болору азыр белгисиз.
Антонина UFC уюмундагы соңку кармашын 3-октябрда UFC Vegas 38 турниринде өткөрүп, австралиялык Кейси О'Ниллге техникалык нокаут менен жеңилип калган. Андан мурунку каршылашы Андреа Лиге да утулган.
"Пантера" каймана аты бар кыргызстандык спортчу ММА спортунда 9 беттеште жеңишти камсыздап, 4 ирет утулган.
Азыркы атаандашы Кортни Кейси аралаш мушташ боюнча 19 кармаш өткөрүп, онун жеңип алган.
Катарда Нуньес утулган Пенья бар. Быйылкы UFС чемпиондорунун видеосу