БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Англиядагы мейманканадан чыгып кеткен чаң соргуч робот интернет жылдызына айланды. Бул тууралуу ВВС жазды.
Чаң соргон роботтор иштеген Travelodge мейманканасынын жетекчилиги алар адатта босогого жеткенде токтоп каларын жазган. Ал эми бул чаң соргуч токтобостон көчөгө чыгып кеткен.
"Бүгүн биздин бир робот чаң соргучубуз качып кетти. Ал кайда болушу мүмкүн экенин билбейбиз. Таап алгандар кайтарып бергиле, кубаттагычы жок баары бир иштебейт", — деп суранышкан менеджерлер.
Ошол учурда социалдык тармактарда чаң соргучту колдогон топтор чыкты. Айрымдар тамаша иретинде анын укугу бузулганын айтып, "өлкөдөн чыгып кетти" деп жазышса, башкалар "көчө шыпыргыч болуп ишке орношуп алды" деп чыгышты.
Бир нече күндөн кийин качкын чаң соргучтун табылганы айтылды. Аны мейманкананын кызматкерлери таап алганына караганда алыс кетпегендей. Ал иштеген конок үйүнөн робот бузулбаганын, жууп-тазалаган соң кайрадан ишке киришкенин айтышты.