Башка дүйнө. Суу алдындагы жаныбарлардын өзгөчө сүрөттөрү

Ocean Art Underwater Photo — ар жылы өтүүчү сүрөт сынагы. Анда суу алдында тартылган өзгөчө эмгектер көрсөтүлөт. Назарыңыздарга сынактын жеңүүчүлөрү менен финалисттеринин укмуштуудай сүрөттөрүн сунуштайбыз.
Sputnik
1 / 18

Лук Руман дал ушул эмгеги менен сынактын абсолюттук жеңүүчүсү аталды. Эки чортондун сүрөтүн ал Бельгиянын Антверпен шаарынын жанынан тарткан

2 / 18

"Суу алдындагы корук" категориясында Кэтрин Холмс жеңүүчү аталды. Сүрөттө дайвер коралл багында фрагменттердин өсүү процессине байкоо жүргүзүүдө

3 / 18

Бул өз категориясында үчүнчү орунду ээлеген Энрике Сэмгинин эмгеги. Ал сүрөттү үйүнүн жанындагы саздан тартып алганын айткан

4 / 18

Бул сүрөттү Том Сент Жордж тарткан. Ал өнөктөшү менен суу алдындагы үңкүргө кирип, бир нече өтмөктөрдөн өткөн соң дал ушундай кооздукту көрүп, дароо тартып алган. Сүрөт "Ак-кара" категориясында жеңген

5 / 18

Паоло Баусанинин өзгөчө эмгеги "Портрет" категориясында жеңишке жетти

6 / 18

Ургаачы киттер менен алардын балдарынын жоон тобу. Аларды сүрөткө Эдуардо Асеведо тартып алып, "Кенен бурч" категориясында 1-орунду алган

7 / 18

Кенедей тамак таап алган балык. Сүрөттүн ээси Найжел Мотьер. Анын бул эмгеги "Макро" категориясында жеңди

8 / 18

"Макро" категориясындагы дагы бир эмгек. Ал экинчи орунга илинген. Сүрөттү Сара Васенд Комодо аралындагы суунун алдынан тарткан

9 / 18

"Муздак суу" категориясында биринчи орунга татыган эмгек. Сүрөттүн автору Мэтью Салливан мындай кадр жаратып жатканда балыктар ага көңүл да бурбаганын айткан

10 / 18

Мындай өзгөчө эмгек Седрик Пеного таандык

11 / 18

Сүзүүгө, аман калууга аракет кылган таш баканын баласы. Сүрөттү Ханна Ле Леу тарткан

12 / 18

"Суу алдындагы искусство" категориясынын жеңүүчүсү Женни Стоктун эмгеги. Ал Кубада дайвинг учурунда жомоктогудай, жаркын сүрөттү жараткан

13 / 18

"Киттин ургаачысы менен алардын балдарынын жанына акырын барыш керек. Эгер алар бирөө-жарымды байкап калса кетип калат. Бул эне биз анын жанында турсак да кетпей, баласын биз жакка түртүп койгон", — деген сүрөт ээси Кейт Ристер

14 / 18

Ал эми бул Сальватор Ианниелло тарткан сүрөт

15 / 18

Суу алдындагы Индия келини. Сүрөттү Жулиан Недев тартып, "Суу алдындагы искусство" категориясында экинчи орунду ээлеген

16 / 18

Хиршфилд аттуу сүрөтчү тарткан суу алдындагы дагы бир өзгөчө эмгек

17 / 18

Мындай кенедей креветканы тартуу өтө оор. Алар 3 миллиметрден да кичинекей. Бирок аны Кэтрин Ландграф-Клюге кадрга түшүрүп, "Макро" категориясынын жеңүүчүсү болду

18 / 18

Сүрөт түрмөктү уруктарын аяр сактаган сары балык жыйынтыктайт. Аны Жулиан Хсу тарткан

Тема боюнча:
Таң эртеден тарта туманга чулганган Бишкек. Сүрөт баян
Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү
Дүйнөдөгү укмуштуудай кооз тарыхый жайлар. 15 сүрөт