БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Салык кызматы УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Сокулук районунда күмөн жараткан акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды сактаган кампаны аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ар кандай аталыштагы жана идиштеги 50 миң 744 бөтөлкө спирт ичимдиги алынган. Анын ичинен 30 миң бөтөлкө кампадан, 20 миң 744 бөтөлкө жүк ташуучу унаадан табылган.
Табылган продукция укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.