Бийлик "Өзүңдөн башта" кыймылын түзүүнү пландап жатат. Эмне үчүн керек?

Кыймылды уюштурууда калктын 50 пайызы камтылышы шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргыз бийлиги "Өзүңдөн башта" деп аталган кыймыл түзүүгө белсенип жатат.
Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда камтылган.
Кыймыл дене тарбия жана спорттун массалык түрлөрүн, ачык асман алдында спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ар бир адамдын өз короосунда, кварталында, көчөсүндө, айылында, шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эске алуу менен дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө салым кошору белгиленет.
"Өзүңдөн башта" кыймылын уюштурууда калктын 50 пайызы камтылып, 100 иш-чара өткөрүү жана 100 долбоорду ишке ашыруу пландалган.
Ага жооптуу катары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, мамлекеттик ЖМКлар жана жергиликтүү бийлик органдары дайындалган.
Аталган иш-чаралар 2022-2026-жылдар аралыгында аткарылышы шарт.
Бийлик качан окуучуларга автобус бөлүп берет. Документтеги пландар