Кыргызстан Өзбекстандын товарларын көп сатып алган өлкөлөрдүн катарына кирди

Коңшу өлкө былтыр Кыргызстанга 790 миллион долларлык продукциясын экспорттогон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан чыгарылган продукцияларды сатып алган өлкөлөрдүн ичинен 5-орунда турат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги Улуттук статистика комитетине таянуу менен жазды.
2021-жылдын жыйынтыгында коңшу өлкө менен соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча тизменин сап башына Россия чыккан, анын үлүшү 17,9 пайызды түзөт. Экинчи орунда турган Кытайдын үлүшү 17,7 пайыз.
Кыргызстан Өзбекстандан чыгарылган продукцияларды сатып алган өлкөлөрдүн ичинен 5-орунда турат
Андан кийинки катарда Казакстан (9,3 пайыз), Түркия (8,1 пайыз) жана Түштүк Корея (4,5 пайыз) турат.
Ал эми Өзбекстандын товарын сатып алган өлкөлөр боюнча алып караганда Кытай, Россия, Түркия, Казакстандан кийин эле Кыргызстан. Коңшу өлкө былтыр Кыргызстанга 790 миллион долларлык продукциясын экспорттогон.