11 айдын ичинде Кыргызстандан жарым млн. доллардан ашык акча которулган

Бул жерде сөз жеке тараптардын акча жөнөтүү системасы аркылуу жасаган транзакциялары туурасында болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандан өткөн жылдын он бир айында 502 миллион доллар которулган деп айтылат Улуттук банктын маалыматында. Бул жерде сөз жеке тараптардын акча жөнөтүү системасы аркылуу жасаган транзакциялар туурасында болуп жатат.
Бул 2020-жылдын январь-ноябрына алып караганда 61,5 миллион долларга көптүк кылат.
Ар кайсы жылдардагы көрсөткүчтөрдү алып салыштыра келгенде, былтыркы сумма эң көп болуп чыккан:
2019 — 493,4 миллион доллар;
2018 — 494,5 миллион доллар.
Анткен менен өткөн жылдын 11 айында каражаттардын Кыргызстанга кириши боюнча рекорддук учур болгон, тагыраагы, ал сумма 2,5 миллиард доллардан ашкан.
Жаңы Салык кодексине баш катырып турасызбы? Адистен кеңири түшүндүрмө
Долларды жума күндөрү сатып алуу пайдалуу. Себеби