Кыргызстандык футзалчы кыз-келиндер Тажикстан менен тең чыкты. Видео

Улуттук команданын оюнчусу Бактыгүл Токтоболотова каршылашынын дарбазасына топ киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы Тажикстан менен беттешип тең чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясы кабарлады.
CAFA Women"s Futsal Championship аталышындагы эл аралык турнир Душанбе шаарында өтүп жатат. Аны Борбордук Азиянын футбол ассоциациясы өткөрүүдө.
Кыргызстандык футзалчы кыз-келиндердин ичинен Бактыгүл Токтоболотова каршылашынын дарбазасына топ киргизген.
Натыйжада эки команда тең 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Турнирде башкы орун үчүн Кыргызстан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын командалары ат салышат.
Чемпионат эки айлампадан туруп, жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Анын жыйынтыгында турнирдик жадыбалда эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталмакчы.
Спортчу кыздар машыктыруучу Олег Гевленконун жетекчилиги астында катышууда.
Бишкекте биринчи жолу Борбор Азия өлкөлөрүнүн футзал боюнча чемпионаты өтөт