791 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Соңку статистика

Азыр республика боюнча 1 129 бейтап стационарда дарыланууда. Алардын ичинен 62 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 791 кишиден коронавирус табылып, 466 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 488;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 185;
Ош облусу – 8;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 39;
Баткен облусу – 31.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 194 607ге жетип, анын ичинен 182 442 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору кечээтен бери үч бейтаптын өмүрүн алды. Өлүм учурлары Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Талас облустарында катталган. Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 129 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 697 киши үйлөрүнөн дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 62 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
"Омикрон" жуктурган бала өзгөрүп кетет. Дарыгер алгачкы белгисин атады