Радио

Ишенапысова: 16-17 жаштагы 10 миңге жакын бала коронавируска каршы эмделди

Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Кыргызстанда эмне себептен 12 жаштан тарта балдардын коронавируска каршы эмделүүсүнө уруксат берилгенин айтып берди.
Sputnik
Кыргызстанда айрым категориялар боюнча балдарды 12 жаштан тарта коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берилди. Бирок бул өлкө аймагындагы балдардын баары вакцина алышы керек дегенди билдирбейт. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 12 жаштагы балдар үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кетип жатса, ал жакта вакцинация талап кылынган болсо ата-энесинин көзөмөлүндө эмделет.
"Кыргызстан эл аралык COVAX программасына, ЕАЭБге мүчө болгондон кийин ДССУнун сунуштамаларын карап, вакциналарга мониторинг кылып турат. Ата-энелер, өспүрүмдөрдүн эмделүүгө каалоосу, талабы болгондуктан республикалык штабдын чечими менен Кыргызстанда 12 жаштан тарта коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берилди. Ал эми 12 жашка чейинки балдар да вакцина ала алат деген туура эмес маалымат. Буйрук боюнча балдар ден соолугуна байланыштуу же окуу үчүн чет өлкөгө кетип жатса, ал жакта вакцинация талап кылынган болсо ата-энесинин көзөмөлүндө эмделет. Демек, бул өлкө аймагындагы балдардын баары вакцина алышы керек дегенди билдирбейт. Эмделүүнү каалаган балдарга Pfizer вакцинасы сайылууда. Ал үчүн өлкө аймагындагы бардык эмдөө пунктуларына кайрылса болот. Учурда 16-17 жаш категориясындагы 10 миңге жакын бала коронавируска каршы эмделди", — деди Ишенапысова.
Дарыгер балдар ооруп калганда ооруканаларга барбай эле дарылануунун жолун медиктерге (118 же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна) чалып сурап, үй шартында дарыланууну сунуштады.