Коронавирустун териде байкалган белгилери айтылды

Коронавирустун териде байкалган белгилеринин бири бөрү жатыш экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Коронавирус тери ооруларын күчөтүп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-онкодерматолог Екатерина Вертиеванын айтымына таянып РИА Новости жазды.
Адис белгилегендей, коронавирустун "омикрон" же "дельта" сыяктуу штаммдарында окшош дерматологиялык белгилер байкалат.
"Коронавирус менен ооруганда териде көгүш тактар пайда болушу ыктымал. Мындан сырткары, ооздун ичиндеги былжыр жабыркап, ыйлаакча чыгышы мүмкүн, бирок бул сейрек көрүнүш. Көбүнчө көгүш тактар чыгат", — деген Вертиева.
Коронавирустун териде байкалган белгилеринин дагы бири — бөрү жатыш. Адис айрым учурда коронавирус жуктурган бейтаптар васкулит оорусуна да кабылышы ыктымал экенин белгилеген. Мында теридеги кан тамырлар жабыркайт.
Тери сыйрылып түшөт. Баланын аллергиясын алдын алуу жөнүндө пайдалуу маек
"Омикрон" жуктурган бала өзгөрүп кетет. Дарыгер алгачкы белгисин атады