Инфекционист коронавирус пандемиясы жайында бүтөрүн божомолдоду

Дарыгер коронавирус жуктурган бейтап көп экенин, бирок ооруканалар толбогонун айтып, жаңы штамм жеңил өтөрүн кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы жайга барып аякташы мүмкүн. Мындай божомолун Россиянын медико-биологиялык федералдык агенттигинин башкы инфекционисти Владимир Никифоров билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
Медиктин айтымында, "омикрон" штаммынын пайда болушу пандемиянын аяктап калганынан кабар бериши ыктымал.
"Калктын кайсы бир катмары "омикрон" штаммы менен эч кандай белгиси жок ооруп, аны байкабай калат. Азыр коронавирус жуктурган бейтап көп, бирок ооруканалар толгон жок", — деген Никифоров.
Дарыгер бул адамдар "омикронду" "дельта" штаммына салыштырмалуу жеңил көтөрүп жатканынан кабар берерин белгилеген.
"Омикрон" жуктурган бала өзгөрүп кетет. Дарыгер алгачкы белгисин атады
Коронавирустун териде байкалган белгилери айтылды