Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда дайынсыз болуп жаткан дагы бир кыргызстандык табылды. Сүрөт

Алтынбек Сүйүнбек уулу Алматыда сабалып, кийин мекенге алып келинген Чолпонбек Сыдыков менен чогуу бир таксиде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында изделип жаткан дагы бир кыргызстандык Алтынбек Сүйүнбек уулу табылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов тастыктады.
Казакстандын Алматы шаарында изделип жаткан дагы бир кыргызстандык Алтынбек Сүйүнбек уулу табылды
Анын айтымында, Алтынбек Сүйүнбек уулу Алматыда сабалып, кийин мекенге алып келинген Чолпонбек Сыдыков менен чогуу бир таксиде болгон.
"Сүйүнбек уулун 10-январда бошотушуптур. Ошондон бери ал чакырган адамдардын үйүндө жатыптыр. 21-январда таап, сүйлөштүк. Туугандары менен кечээ байланышка чыкты. Абалы жакшы, ден соолугу боюнча даттанган жок. Ал Алматыда кала турганын айтты", — деди Арипов.
Консул ушуну менен дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жарандары Казакстанда жок экенин айтып, мекендештердин митингге, талап-тоноолорго катышпаганын кошумчалады.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Рахмат! Мекенине Бишкек аркылуу жеткен казак жарандарынын ыраазычылыгы. Видео
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ Казакстанга нота тапшырып, сабалган Сыдыковго компенсация талап кылды