Жекшембиге карата аба ырайы

23-январга караган түнү Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Нарын өрөөндөрүнүн кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Таласта -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл жергесинде 0...+5, Нарын аймагында -2...-7 градус болот.
Күндүз Бишкек менен Ош шаарында бир аз кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -1... +1 жана Ошто +2...+4 градус болору айтылды.
Таң эртеден тарта туманга чулганган Бишкек. Сүрөт баян
Радио
Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты