Камалып, ири акча төлөйсүң! ИИМдин ала качуу тууралуу ролиги

Ички иштер министрлиги кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин жана мыйзам жүзүндө жоопкерчилик каралганын эскертип, бул темада видеоролик тартты.
Sputnik
Роликте топтошкон балдар көчөдөн кызды күч менен унаага салып баратканын, анын курбусу 102 номерине чалып, милиция кызматкерлери кылмышкерлерди видеокаттагыч аркылуу тапканын көрүүгө болот.
ИИМ жарандарды кыз ала качуу жана никеге мажбурлап тургузган окуяларга кайдыгер мамиле кылбай милицияга кабарлоону суранат.
Былтыр күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, адамды никеге туруу максатында уурдагандар беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле 100 миңден 200 миңге чейин айып пул каралган.