БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Манас проспектиндеги турак жайлардын биринин жанында адамдар мушташып, ок атылды.
Ленин РИИБдин маалымат кызматы 21-январда саат 19:19 чамасында милицияга белгисиз адамдар атышып, бири-бирине бычак кезеп жатканы боюнча чакыруу түшкөнүн билдирди.
Жерине барган милиционерлер Т.И. жана Н.А. аттуу жарандардын ортосунда пикир келишпестик жаралып мушташа кеткенин аныктаган. Н.А. ага Т.И. бычак кезеп коркутуп, күч колдонгонун айткан. Ал эми Т.И. агасына жардам берүүгө келген Н.Э. аны көздөй ок чыгарганын билдирген.
Кийин текшергенде Н.А. аттуу кишинин агасынын чөнтөгүнөн белгисиз үлгүдөгү пневматикалык тапанча чыккан. Жаңжалга аралашкан үч адам жана Т.Э. (Н.Э. аттуу атуулдун досу) тергөө кызматына алып келинген.
Сурак учурунда Т.И. каршылашы Н.А. анын денесине зыян келтирип, кийин ок чыгарганын айткан.
Тапанча милиция тарабынан алынып, жаңжалдын эки фигуранты бири-бирине каршы арыз жазган. Тергөө уланууда.