Бензин дагы кымбаттайт. Бишкектиктердин баанын көтөрүлүшүнө реакциясы. Видео

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы бир айдын ичинде бензин төрт, дизель алты сомго кымбаттай турганын маалымдады. Биз шаардыктардын баанын көтөрүлүшүнө болгон оюн билип көрдүк.
Sputnik
Ассоциация кабарлагандай, нарк бир айдын ичинде жогорулайт. Анда Казакстандын ички суроо-талабы өскөнүнө байланыштуу мунай зат продукцияларын экспорттоого тыюу салынганы белгиленген. 2021-жылдын башынан азыркы убакытка чейин өлкөдө күйүүчү майдын баасы сезилерлик жогорулап, Россиядан алып келинген бензин 120 пайызга кымбаттаган.
Сурамжылоодо шаардыктардын айрымдары бензинге болгон баа жогоруласа жөө жүрүп же велосипед аларын айтса, кээ бири айлык акыны көтөрүүнү сунуштаган. Көпчүлүгү баанын жогорулашына каршы пикирлерин билдирген.
Тема боюнча:
Күйүүчү май дагы канча сомго кымбаттайт? Кийинки жылга божомол
Күйүүчү май бир айдын ичинде 4-6 сомго кымбаттайт. Нефтетрейдерлердин божомолу