Радио

Камчиев: "Аралаш" тобуна быйыл 35 жыл толду

Куудул Жамбыл Камчиев "Аралаш" куудулдар тобуна быйыл 35 жыл толгондугун айтты.
Sputnik
"Аралаш" тобун түзүү үчүн 1987-жылы кооператив ачканбыз. Анткени юридикалык жактан ушундай талап бар болчу. Бул тууралуу Жамбыл Камчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, топто башынан эле төрт куудул — Рахман Разыков, Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев жана өзү болгон.
"Алгач Рахман Разыков экөөбүз 1983-жылы тааныштык. Ал режиссёрлор кошпой койсо да концерттерге майкачан жулунуп чыгып жүргөн кези экен. Андан соң Рахман Разыков мени обончу, ырчы Жолдошбек Мамажанов менен тааныштырып, менден кийин Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаевди алып барып, бешөөбүз чогуу концерт коюп жүрдүк. Ошентип 1987-жылы өз алдынча топ түзүп иштейли деп кооператив ачтык. Анын документтерин мен жазып чыкканым менен чуркап жүрүп Рахман бүтүрдү. Дароо ошол эле күнү түнү менен басмаканадан билет чыгартып, таңга жуук бир Москвич машинасына билет жүктөп келгени эсимде. Жалаң куудулдардан турган "Аралаш" тобу түзүлгөн", — деди Жамбыл Камчиев.
Куудул учурда топ мүчөлөрүнүн ичинен көзү тирүү калгандардан жалгыз өзү экенин кошумчалады.