Жаалданган пил туристтер түшкөн автоунааны оодарып салган видео

Түштүк Африкадагы жаратылыш парктардын биринде жинденген пил сафари учурунда туристтердин автоунаасын тумшугу менен түрткүлөп жатып, оодарып салган. Жолтандабастын ичинде чоңдор менен кошо кичирээк эки бала болгон.
Sputnik
New York Post басылмасы Квазулу-Наталь провинциясындагы коргоого алган аймактардын биринде болгондугун баяндады.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, пил капыстан эле туристтер түшкөн автоунаанын артынан кууп жөнөгөн.
Бери жактагы автоунааларда тургандар алп жаныбарды сигнал берип чочутуп кетирип жиберүүгө аракет кылганы менен, ал баары бир автоунааны алгач капталынан жыгып, анан жаны тынган.
Чабуулга кабылган туристтер аман-эсен экендиги, бирок абдан коркуп калгандыгы айтылды.
Парктын администрациясы пилдин эмнеге мындай агрессиялуу боло түшкөндүгүн иликтеп көрүүгө убада кылган.
Тема боюнча:
Кеткиси жок. Ыраак алып барып таштаса да кайтып келген эки ак аюунун видеосу
Кабылан оозунан алдырып. Чочколордун ажалдан аман калган видеосу
Тили эле жок... Ит менен пилдин баласынын жылмайткан видеосу