Акылбек Жапаров Таласты кыдырып, Киров суу сактагычын көрөт

Сапардын соңунда Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат. "Манас-Ордо" комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.
Мындан тышкары, Киров суу сактагычына барып, "Бала-Саруу" гидроэлектростанциясынын курулуш долбоорун көрөрү айтылды.
Сапардын соңунда Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.
Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика жакында ишке кирери айтылды
Эл менен талкуулаш керек! Министрлик Кыргызстанда АЭСтин курулушу боюнча үн катты