Окумуштуулар: "Спутник V" “омикрондон” Pfizer вакцинасына караганда жакшы коргойт

Изилдөө Италиянын улуттук Lazzaro Spallanzani инфекциялык оорулар институту менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россиялык "Спутник V" вакцинасы коронавирустун “омикрон” штаммынан коргоо боюнча эффективдүүлүгү Pfizer препаратына караганда эки эсе жогору. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын түз инвестициялар фонду жана Гамалея атындагы борборуна таянуу менен билдирди.
Россиялык "Спутник V" вакцинасы коронавирустун “омикрон” штаммынан коргоо боюнча эффективдүүлүгү Pfizer препаратына караганда эки эсе жогору
Изилдөө Италиянын улуттук Lazzaro Spallanzani инфекциялык оорулар институту менен биргеликте жүргүзүлгөн.
"Спутник V" вакцинасы “омикронго” каршы вирусту жок кылуучу антителону пайда кыларын көрсөттү. Анын эффективдүүлүгү Pfizer вакцинасынын эки дозасынан эки эсе жогору турары аныкталды”, — деп жазылган изилдөөнүн жыйынтыгында.
Мындан сырткары, адистер “Спутник Лайт" препаратын бустердик негизде алуу “омикронго” каршы активдүүлүктү көбөйтөт деген тыянак чыгарган.
Ошондой эле россиялык жана италиялык окумуштуулар “Спутник лайт” менен экинчи ирет эмделүү ден соолукту коргоонун эң мыкты жолу экенин белгилейт. Аденовирустук платформанын оптималдык конфигурациясынын жардамы менен “Спутник Лайт” “омикрон” жана башка мутациялардан коргошу толук мүмкүн.
Италиянын Спалланцани институтундагы изилдөө бирдей лабораториялык шартта жүргүзүлгөн. Анда "Спутник V" жана Pfizer менен эмделген адамдардын канынын үлгүсү алынган.
Вакцинация инфекция менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмасы. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымында, COVID-19 менен ооругандардын арасында эмделгендер төрт пайыздан ашпайт, абалы оорлошкондор бир пайыз. Ооруканадагы бейтаптардын басымдуу бөлүгү вакцина албагандар.
Россияда "омикронго" каршы антитело аныктоочу тест иштелип чыкты