БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусу Вашингтонго коопсуздук кепилдиги жөнүндө конкреттүү жооп даярдоого жардам берет деп ишенерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Сиз мага телефон чалып жолугушууну сунуштаганда, биз бул идеяны абдан жактырдык. Анткени жолугушуубуз биздин коопсуздук кепилдиги жөнүндө талабыбызга конкреттүү жооп берүүгө шарт түзөт деп ойлойбуз. Балким, сиздер тараптан башка сунуштар болор", — деди дипломат Женева шаарындагы саммит учурунда.
Лавров менен Блинкен журналисттер алдында амандашкан соң кийинки сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өткөрүлмөй болду.
Мамлекеттик катчы буга чейин жолугушууга Россия сунуштаган документ боюнча кат жүзүндө жооп алып келбесин билдирген. Анын айтымында, тараптар дагы талкуу жүргүзүшү керек.
Коопсуздук келишими тууралуу
2021-жылдын соңунда Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин долбоорун жарыялаган. Москва батыш өнөктөштөрүнөн НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүүнү токтотуу, Украинаны уюмга кошпоо жана постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында аскердик база ачпоо боюнча юридикалык кепилдик талап кылууда.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ушул эле Женева шаарында 10-январь күнү өткөрүлгөн. Андан кийин Брюсселде Россия кеңеши менен НАТОнун жыйыны болгон. Учурда Россия АКШдан өз талабы боюнча расмий, кат түрүндө жооп күтүп жатат.