Радио

Сыдыков: мыйзам долбоорунда Ноорузду жок кылуу тууралуу сөз жок

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча айтты.
Sputnik
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда Ноорузду майрам катары жокко чыгаруу тууралуу айтылган эмес. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан ары да Нооруз майрамы эс алуу күнү катары кала берет.
"2021-жылы февраль айында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Ага ылайык Юстиция министрлигине бир жылдык мөөнөт менен тапшырма берилген. Мунун негизинде алты жумушчу тобу түзүлүп, алар дагы 15 топчолорго бөлүнүп иш жүрдү. Бүгүнкү күндө мыйзамдар инвентаризацияланып, жыйынтыгында 138 негизги мыйзамды жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталды. Ал мыйзамдардын арасында иштөө мөөнөтү бүтсө да техникалык же адамдардын кетирген катасынан улам өз күчүн жоготкону менен мыйзам катары эсептелип жүргөндөрү бар. Бири-бирин кайталаган мыйзамдар кездешет. Булардын бири Нооруз майрамы тууралуу мыйзам. Ал "21-март Нооруз майрамы катары белгиленип, ушул күн эс алуу күнү болуп жарыялансын" деген бир беренеден турган мыйзам. Бул мыйзам учурда Эмгек кодексинин 113-беренеси болуп иштеп жатат. Башкача айтканда, Кодекске киргизилген. Мыйзамдардын иерархиясы боюнча да Кодекс мыйзамдан жогору турат. Дагы да жеткиликтүү тил менен айтсак, бул мыйзам учурда Эмгек кодексине берене болуп киргизилип, аны кайталап жаткан мыйзам болуп калууда. Сөз мына ушул мыйзамды жокко чыгаруу боюнча жүрүүдө", — деди Сыдыков.
Ал бул боюнча маалымат сунушталып жаткан мыйзам долбооруна бекитилген маалым катта да жазылганын кошумчалады.