Радио

Абдыракманов: "Сулайман-Тоо" музейи 4 млн. долларга реконструкцияланат

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Султанбек Абдыракманов туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн музей, тарыхый жайларды оңдоп-түзөөгө каражат бөлүнүп жатканын маалымдады.
Sputnik
Жалпы алты миллион долларга "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөндөгү мунара реконструкциялана турганын Султанбек Абдыракманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.

"Дүйнөлүк банк тарабынан "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо үчүн төрт миллион доллар каралууда. Ошондой эле Өзгөн мунарасына эки миллион доллар бөлүнгөн. Учурда техникалык экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бөлүнгөн каражатка Сулайман-Тоонун аймагындагы тогуз жер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Алардын ичинен эң негизгиси — азыркы тапта 33 миңден ашык экспонат сакталып турган Сулайман-Тоонун башкы музейи. Ал 1999-2000-жылдары Оштун 3 миң жылдыгына карата шашылыш бүткөрүлгөн боюнча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Ошондуктан учурдун талабына жараша кайра ремонттолуп, тарых музейи сыяктуу заманбап технологиялар менен камсыздалат. Мындан тышкары, Сулайман-Тоого чыккан 2,5 чакырымга созулган кыя жол оңдолмокчу. Ошол жерге келген туристтер, зыяратчылар үчүн суусундук жана башкалар сатылып, коопсуздугу камсыздалып, ыңгайлуу шарт түзүү пландалууда. Ошондой эле музей комплекске караштуу эки кабаттуу үңкүр музей, 10-11-кылымга таандык мончо, Асаф ибн Бурхиянын кабыры делген көрүстөн оңдоп-түздөлөт. Ал эми Өзгөндөгү мунарага эки-үч кабаттык заманбап музей курулуп, айланасындагы инфраструктура иретке келтирилет", — деди Абдыракманов.

Ошондой эле ал Сулайман-Тоонун 79 гектарды түзгөн аянтына "кызыл китеп" алынганын кошумчалады.