БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жол кырсыгынан кыргызстандык эки жаш футболчу каза болду. Алар 23 жаштагы Жахонгир Махмудов менен 21 жаштагы Асадбек Алимов экенин Кыргызстандын футболчулар ассоциациясы жана "Алай", "Баткен-Нур" футбол клубдары кабарлады.
"Алай" футбол клубу билдиргендей, спортчулар 20-январь күнү Баткенден Ошко келе жатканда кырсыктап, көз жумган.
Баткендин "Нур-Баткен" клубу эки футболчу алар менен келишим түзүп, клубга кошулганын жазды.
"Оюнчулар 10-январдан бери кароодон өтүп жатышкан. 20-январда келишимге кол коюп, 23-январга чейин эс алуу үчүн Ошко кетишкен. Андан кийин Өзбекстандагы эл аралык турнирге катышмак. Бирок алар Ошко кирип бара жатып кырсыкка кабылган", — деп айтылат маалыматта.
Ассоциация жана эки клубдун администрациясы спортчулардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Ош шаары боюнча Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Кубаныч Калмурзаев кырсык Ош шаарынын кире беришинде болгонун айтып, анда Mersedes үлгүсүндөгү унаа менен Porter унаасы бетме-бет кагышып, жыйынтыгында биринчи унаадагы эки жигит көз жумганын билдирди. Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага барып биринчи жардам алган соң чыгып кеткен.
Ош шаарынын тергөө кызматы аталган окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганы айтылды.