БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы жарандардын кайсы категориясы салык режимин тандоо жөнүндөгү арызы менен салык органдарына кайрылуусу керектигин түшүндүрүп берди.
Маалыматка караганда, жарандар салык органдарына 28-январга чейин барышы керек. Салыкчылар күчөтүлгөн режимде, дем алыш күндөрү дагы иштеп жатат.
Салык органдарына 2022-жылдын 31-январына чейин төмөнкү негизде салык төлөгөндөр кайрылышы керек:
Милдеттүү патент;
Салык контракты;
Чекене сатуудагы салык.
Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы салык төлөөчүлөр бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС (кошумча нарк салыгы) төлөөчү катары каттоого арыз берет.
Жылдык кирешеси 30 миллион сомго чейинки жалпы салык режиминдеги төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышат. Эгерде алар КНС төлөөчү катары катталган болсо, анысы жокко чыгарылат.
Салык төлөөчүлөрдүн калган категорияларына салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.