Кыргызстан күмүш сатууга жаңы рынок тапты

2021-жылдын январынан тарта күмүштү Швейцария гана алып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылдан тартып Россияга күмүш сата баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Былтыр январь-ноябрь айларында Кыргызстан 3 миллион 275,7 миң долларга 3 тонна 705,7 килограмм күмүш экспорттогон. 2020-жылдын ушул эле мезгилинде дээрлик 11,2 тонна баалуу металл сатылган болчу.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын январынан тарта күмүштү Швейцария гана алып турган, жайында сатуу токтоп калган. Ал эми сентябрда Россия тарапка алгачкы жолу 45 килограмм, октябрда 25,6 килограмм, ноябрда 400 килограмм сатылган.
Эгер Статкомдун 2018-жылдан берки маалыматтарын карай турган болсок, Россия былтыр күздө гана Кыргызстандын күмүшүн сатып ала баштаган. Андан мурунку жылдарга карата статистиканы табууга мүмкүн болгон жок.
Бөлтүрүк Кумтөрдөн канча алтын казылып, кандай киреше түшкөнүн айтты