Кыргызстандагы коронавирус: бир бейтап каза таап, 788 адам ооруп калды

Учурда өлкөдөгү ооруканаларда 1 075 бейтап дарыланууда. Ал эми амбулатордук түрдө 6 429 киши жардам алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 21-январга карата СOVID-19 инфекциясы 788 адамдан аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек — 523;
Ош шаары — 12;
Чүй — 137;
Ош — 17;
Талас — 17;
Нарын — 7;
Ысык-Көл — 17;
Жалал-Абад — 28;
Баткен — 30.
Пандемиядан бери баш-аягы 193 816 киши дартка кабылды.
Өткөн суткада коронавирустан Бишкекте бир киши көз жумду. Жалпы каза болгондор ушуну менен 2 843кө жетти.
Акыркы сутка ичинде республика боюнча 284 адам сакайып, үйүнө жиберилди. Бардыгы болуп 181 976 бейтап илдетти жеңди.
Учурда стационарда 1 075 бейтап дарыланууда. Ал ичинен төртөө канааттандырарлык, 654ү орточо, 359у оор жана 58и өтө оор абалда болууда. Амбулатордук түрдө 6 429 киши дарыланып жатат.
Бишкекте дагы 4 мектеп жабылып, карантинге алынгандар 24кө жетти. Тизме
Окумуштуулар: "Спутник V" “омикрондон” Pfizer вакцинасына караганда жакшы коргойт