Казакстандын элчиси бишкектиктерге ыраазычылык билдирди

Казакстандын жарандарына жардам берген ыктыярчыларга элчилик менен Бишкек шаардык мэриясы ыраазычылык кат тапшырганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев коңшу мамлекеттин жетекчилигинин атынан Бишкек шаарынын тургундарына казак жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
1 / 4

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев коңшу мамлекеттин жетекчилигинин атынан Бишкек шаарынын тургундарына казак жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

2 / 4

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди

3 / 4

"Көрсөткөн колдооңуздар үчүн ыраазычылык айтабыз. Казакстандагы кайгылуу окуялардан улам 1 600 жараныбыз өлкөгө Бишкек аркылуу кирип жатты. Бул жардам коңшу өлкө болгондуктан гана эмес, биринчи кезекте кыргыз-казак бир тууган болгону үчүн көрсөтүлдү. Кыйын кырдаалда Кыргызстан ажат ачты", — деген элчи.

4 / 4

Казакстандын жарандарына жардам берген ыктыярчыларга элчилик менен Бишкек шаардык мэриясы ыраазычылык кат тапшырганы айтылды.

"Көрсөткөн колдооңуздар үчүн ыраазычылык айтабыз. Казакстандагы кайгылуу окуялардан улам 1 600 жараныбыз өлкөгө Бишкек аркылуу кирип жатты. Бул жардам коңшу өлкө болгондуктан гана эмес, биринчи кезекте кыргыз-казак бир тууган болгону үчүн көрсөтүлдү. Кыйын кырдаалда Кыргызстан ажат ачты", — деген элчи.
Казакстандын жарандарына жардам берген ыктыярчыларга элчилик менен Бишкек шаардык мэриясы ыраазычылык кат тапшырганы айтылды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Рахмат! Мекенине Бишкек аркылуу жеткен казак жарандарынын ыраазычылыгы. Видео