БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасы үч айга жетет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясынын маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда аталган фонддун жетекчисинин орун басары Рустам Каракулов билдирди.
Алгач ал эки резерв бар экенин айтты. Биринчиси — мамлекеттик, ага азык-түлүк кирет. Экинчиси — мобилизациялык, өзгөчө кырдаал же согуш учурунда пайдаланылат.
Журналисттер төраганын орун басарынан запаста кандай товарлар бар экенин жана канча убакытка жетерин сурашты. Каракулов буудай, май жана кумшекер жөнүндө гана айтып, башка маалыматтар сыр бойдон сакталышы керектигин кошумчалады. Ошондой эле ал фонддогу запас кыргызстандыктарга бир нече айга жетерин билдирди.
"Мисалы, буудай 90 күнгө жетет", — деди Каракулов.
Сөзүнүн аягында ал тегирменчилерде дагы эки айга жетчү запас бар экенин билдирди.