БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарында күйөрмандарга коюлган бир катар талаптарды РИА Новости өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Эске салсак, кышкы Олимпиада 4-февралда башталып, 20-февралда аяктайт.
"Олимпиаданын Пекиндеги уюштуруучулары күйөрмандарды жаңы тартипке даярдоодо. Башкача айтканда, трибунадан тамак жегенге, башка адам менен байланышканга, топ-топ болуп чогулганга, ал тургай спортчуларды колдоого болбойт", — деп айтылат маалыматта.
Көрүүчү стадионго кирерден мурда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алып, ПЧР-тесттин эки терс жыйынтыгын көрсөтүп, трибунада дайыма бет кап менен отурушу керек.