Кош бойлуулар COVID-19га каршы эмделиши керекпи? Кыргызстандык адистин жообу

Адис белгилегендей, препараттын курамында кош бойлуу аялга же түйүлдүккө зыян алып келчү заттар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кош бойлуу аялдар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө болобу, вакцина түйүлдүккө таасир этеби жана каршы көрсөтмөлөрү барбы деген сыяктуу бир катар суроолорго Кыргызстандагы акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров жооп берди. Анын сөзүн COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб жарыялады.
Кыргызстандагы акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров
"Кош бойлууларды эмдөөдөн өткөрүүнү акушер-гинекологдордун эл аралык уюмдары сунуштап келет. Америка менен Европа мамлекеттеринде бул категориядагы аялдар эки жылдан бери эмделип жатат. Коронавируска каршы вакцина түйүлдүккө 21-22 жума болгондо сайылат. Экинчи дозаны бир айдан кийин алса болот. КМШ мамлекеттеринде бул жаатта Россия активдүү иш алып барууда. Казакстан орточо темпте бара жатат", — деди ал.
Профессордун айтымында, вакцина плацентага кирбегендиктен түйүлдүктүн өрчүшүнө таасир этпейт.
"Плацентардык барьер анын фрагменттерин (вакцинанын — ред.) өткөрбөйт. Вакцина аялдын иммундук системасына гана багытталган", — деди ал.
Аскеров белгилегендей, препараттын курамында кош бойлуу аялга же түйүлдүккө зыян алып келчү заттар жок.
"Вакцина бойдон алдыруу, мөөнөтүнөн мурда төрөө же түйүлдүктүн өрчүбөй калуу кооптуулугун жогорулатпайт. Бойдон түшүп калган учурларга башка жагдайлар себеп болушу мүмкүн. Вакцинанын кадимки дарылардай эле кыйыр таасири болушу ыктымал. Бирок бойдон түшүп калса так себебин аныкташ керек. Коркунуч жараткан түрдүү инфекциялар да бар", — деди Аскеров.
Ал ошондой эле бала эмизип жаткан аялдар дагы эмделсе болорун айтты.
"Жаңы төрөлгөн ымыркай алгачкы айларында оорубаганы абдан маанилүү. Биринчи айда эмчек сүтүндө иммунологиялык резерв арбын. Бир-эки айдан кийин вакцинация жөнүндө ойлонуп баштаса болот. Биз өзгөчө коронавирус менен ооруй электерге эмдөөдөн өтүүнү сунуштайбыз. Бирок төрөт учурунда кан кетип, операция болуп же тромбоз коркунучу болсо эмдөөдөн өтпөш керек", — деди ал.
Адис ошондой эле антитело балага эненин сүтү аркылуу берилиши мүмкүн экенин айтып, Кыргызстанда кош бойлуулар вакцина алууда активдүү эмес экенин кошумчалады.
"Омикрон" жуктурган бала өзгөрүп кетет. Дарыгер алгачкы белгисин атады