Радио

Сукенбаев: өлкө боюнча 29 миң гектар жер трансформацияланышы керек

Мамлекеттик каттоо кызматынын Жер кадастр жана каттоо башкармалыгын башкы адиси Айдар Сукенбаев учурда Бишкектин жашоочуларынан техникалык паспорт алуу үчүн 2 559 арыз түшкөнүн айтты.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ээлеп алынган жерлерге быйыл техникалык паспорт берүү жана 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо тапшырмасын берген. Ага ылайык "Кадастр" мамлекеттик мекемеси айыл аймактарды үймө-үй кыдырып мыйзамсыз салынып калган турак жайлар боюнча маалымат чогултту. Жыйынтыгында Кыргызстан боюнча 29 миң гектар жер трансформацияланышы керектиги белгилүү болду. Бул тууралуу Айдар Сукенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, техникалык паспорт — жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири.
"7-декабрдан бери жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган. Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоого жардам берет. Ал үчүн өзүм билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүлдү. Азыркы убакка чейин Бишкек боюнча 2 559 арыз түшүп, алардын ичинен 1 215 техникалык паспорт даярдалып, 875и жарандардын колуна берилди. Билдирүүлөр Жер-Ынтымагы, Дордой-2, Ак-Тилек туристтик базасында салынган конуштардан келди. Биз азыр региондордо мыйзамсыз салынып калган турак жайлар боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдөбүз. Айыл чарба багытындагы же өндүрүшкө пайдаланылбаган жерлерге салынып калган үйлөрдүн тилкеси трансформациялоого даярдалып жатат", — деди Сукенбаев.
Адис ар бир конуш же региондордогу жергиликтүү бийлик жердин ээси ким экенин тактап, жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.