Фламенко үчүн тигилген укмуш көйнөктөр. Испаниядагы мода көргөзмөсүнөн 9 сүрөт

Испаниянын Севилья шаарында салтка айланган We love flamenco мода көргөзмөсү өтүп, анда фламенко стилиндеги образдар көрсөтүлдү.
Sputnik
1 / 9

Испаниянын салттуу жоолугун бир нече моделден көрүүгө болот. Образ модельер Ана Феррейрого таанды.

2 / 9

Guzman модельердин коллекциясы

3 / 9

Модельерлердин көбү образдарды фламенкого ылайык салттуу көйнөктүн негизинде жаратышкан. Бул Arcos модельердин колунан жаралган кийим.

4 / 9

Мода көргөзмөсүндө кызыл түс басымдуулук кылды. Муну да Arcos модельери жасаган.

5 / 9

Кызыл көйнөктүн көркүн ачкан модель. Образды Guzman жараткан.

6 / 9

Чачтагы роза — фламенконун дагы бир өзгөчө атрибуту

7 / 9

Кызыл түс, баштагы гүл, көлөмдүү жасалгалар, ачык түстөгү помада — мунун баары фламенко бийлеген кыздын образын элестетет

8 / 9

Фламенкого ылайыктап тигилген көйнөк. Болгону бул кийим кара түстө.

9 / 9

Ана Феррейронун колунан жаралган бул образ да көргөзмөнүн көркүн ачкан

Тема боюнча:
Кыргыз элинин жүз жыл мурунку турмушу. Сейрек сүрөттөр
Дүйнөдөгү укмуштуудай кооз тарыхый жайлар. 15 сүрөт
Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү