Өткөн жылы ЕАЭБде ички соода күчөдү. Кыргызстандын үлүшү кандай

ЕЭКтен билдиргендей, 11 ай ичинде биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын көлөмү жалпысынан 65,5 миллиард долларга жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер ортосундагы соода 32,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирүүгө караганда, 11 ай ичинде биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын көлөмү жалпысынан 65,5 миллиард долларга жетти.
"Бул 2020-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 32,4 пайызга, ал эми пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 17,8 пайызга жогору дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ич ара соодалашууда экспорттун көлөмү бардык өлкөлөрдө өскөн:
Казакстан – 35,3 пайыз;
Россия – 35,2 пайыз;
Кыргызстан – 30,4 пайыз;
Армения – 27,4 пайыз;
Беларусь – 24,8 пайыз.
Булардын ичинен басымдуу бөлүгүн тамак-аш жана айыл чарба сырьёсу түзөт. Мисалы, былтыр 11 ай ичинде биримдикке Армения 29,5 пайызга, Россия 27,3 жана Кыргызстан 17,3 пайызга көбүрөөк товар жөнөткөн.
Ошол эле учурда үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыктын көлөмү жогорулоодо. 2021-жылдын башынан баштап ноябрга чейин сырткы соода 34,3 пайызга өскөн.
Бул 465,9 миллиард долларга товар экспорттолуп, 286,1 миллиард долларга импорттолду дегенди туюндурат.
ЕАЭБден башка өлкөлөргө товар экспорттоо боюнча Кыргызстандан башка өлкөлөрдүн бардыгынын көрсөткүчтөрү жогорулады. Мисалы, Беларусь 50,3 пайызга, Россия 45,4 пайызга, Казакстан 23 пайызга, Армения 16,3 пайызга көбүрөөк товар сатты.
Мындан тышкары, ЕЭКтен биримдикке кирген өлкөлөрдүн товарларын ким көбүрөөк салып аларын жана кайсы өлкөлөрдөн импорт келерин айтышты.
ЕАЭБдин товарынын 42,2 пайызына Европа биримдиги, 28,6 пайызына Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы кардар болду. Ал эми биримдикте Кытай менен Германияда өндүрүлгөн товарларга суроо-талап күчөдү.
Пресс-борбор
Министр Жаныбеков: азык-түлүктүн кескин кымбаттап кетишине жол берген жокпуз
Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө алдыга чыкты