Роспотребнадзордун башчысы Бишкекке келип, өкмөт мүчөлөрү менен кезикти

Анна Попова менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекке Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова келди.
1 / 4

Бишкекке Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова келди

2 / 4

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аны менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугушту

3 / 4

Ал эми Попова кооптуу инфекциялардын жайылышына каршы күрөшүүгө эки өлкөнүн учурдагы аракети жана келечектеги кызматташтыгы маанилүү экенин айтты

4 / 4

Министр Бейшеналиев Россия кандай гана маселе болбосун Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жатканын билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аны менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугушту.
Аалиев Россия тарапка COVID-19 пандемиясы башталгандан бери коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле мындан ары кыргыз адистерин окутуу жана алардын адискөйлүгүн жогорулатуу жана россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашууда, лабораториялардын материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Ал эми Попова кооптуу инфекциялардын жайылышына каршы күрөшүүгө эки өлкөнүн учурдагы аракети жана келечектеги кызматташтыгы маанилүү экенин айтты.
Министр Бейшеналиев Россия кандай гана маселе болбосун Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жатканын билдирди.
"Азыр коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүп жатабыз. Буга чейинки колдоолор үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди министр.
Попова Бейшеналиев менен пикир алышып жатып мобилдик бригадалардын эффективдүү иштеп жатканын кубануу менен кабыл алганын айтты.
"Биргеликте көрүп жаткан аракетибиз Кыргызстандын жана Россия элинин саламаттыгын сактоого багытталган. Тыгыз казматташтыкты улантуубуз зарыл", — деди Попова.
Мындан тышкары, тараптар коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү абалды жана аны алдын алуу жолдорун талкуулашты.
Өткөн жылы ЕАЭБде ички соода күчөдү. Кыргызстандын үлүшү кандай