Вакцина бойдон түшүрүү коркунучун жогорулатабы? Адистердин түшүндүрмөсү

Вакцинанын дары сыяктуу терс таасири болушу мүмкүн. Бирок кокус аялдын боюнан түшсө, себебин тактоо керек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Вакцина бойдон түшүрүү, ара төрөлүү же түйүлдүктүн өспөй калуу коркунучун жогорулатпайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматында айтылат.
Билдирмеге караганда, бойдон түшүп калуунун башка себептери да бар.
"Вакцинанын дары сыяктуу терс таасири болушу мүмкүн. Бирок кокус аялдын боюнан түшсө, себебин тактоо керек. Анткени аны түрдүү нерсе шартташы ыктымал. Маселен, жыныс органдарынын инфекциясы, коронавирус. Булар кош бойлуу аялдарга чоң коркунуч, бир топ кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Мындай учурда вакцинанын пайдасы тиет", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Россиянын адистери коронавируска каршы вакцина алган кош бойлуулардын арасында эч кандай кыйыр таасир байкалбаганын айтышкан.
Бирок вакцина аларда боюнда бар аялдар сөзсүз дарыгер менен кеңешүүсү зарыл.
Байсалов кыргызстандыктар коронавирустан качан арыла турганын болжоду