Экс-депутат Тиллаев транспорт министринин орун басары болду

Министрге эки жаңы орун басар дайындалды, анын бири санариптик өнүктүрүү маселелерин тескейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрине эки орун басар дайындалганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жетекчинин орун басарларынын бири Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Таабалды Тиллаев болду.
Ал эми санариптик өнүктүрүү маселелерин тескей турган орун басарлык кызматка Марат Өскөмбаев дайындалды. Ал буга чейин транспорт министринин кеңешчиси болчу, Финансы министрлигинде да иштеп келген.
Эки орун басар боюнча буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Айбек Жунушалиев Бишкек мэриясынын түзүмүн өзгөрттү