Самат Исабеков кайрадан Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Исабеков былтыр бул кызматты төрт ай жетектеп, октябрда отставкага кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Мындан үч ай мурда иштен бошотулган Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков кайрадан Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бүгүн жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштырган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бүгүн жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштырган
Белгилей кетсек, Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.
Ал эми Самат Исабеков 2021-жылы бул кызматты төрт ай жетектеп октябрда отставкага кеткен болчу.
Экс-депутат Тиллаев транспорт министринин орун басары болду