Садыр Жапаровдун мурдагы хан сарайына кардар чыкпай, баасы түштү

Үйдүн жалпы аянты 390,6 чарчы метр, жер аянты 852 чарчы метр. МИК белгилегендей, үй мыкты абалда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга белек катары берген эки кабаттуу үйгө кайрадан коомдук аукцион жарыяланды.
Биринчи аукцион өткөн жылдын 24-декабрына белгиленген. Анын баштапкы баасы 33 миллион 700 миң сомго же ошол кездеги курс боюнча 396 миң 470 долларга бааланган.
Бүгүн Мамлекеттик ипотека компаниясы кайрадан аукцион жарыялап, 22-февралга белгиледи. Бул ирет үйдүн баштапкы баасы 25 миллион 046 миң 800 сом (330 800 доллар) деп бааланды. Ипотекалык компания бааны 5,6 миллион сомго төмөндөттү.
Жапаров үйдү МИКге 2021-жылдын 30-сентябрында өткөрүп берген. Президент аны 2005-жылы эле сатып алганын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген.
Имарат Бишкектеги Худайбергенов, 81а дарегинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 390,6 чарчы метр, жер аянты 852 чарчы метр. МИК белгилегендей, үй мыкты абалда.
"Үйдү сатуудан түшкөн каражатка даяр үй сатып алынат. Батирлер "Менин үйүм 2021-2026" программасынын катышуучуларына "ижарага алуу жолу менен сатып алуу" механизми аркылуу берилет", — деди МИКтен.
Аукцион өтө турган жердин дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 228. Соодалашууга катышуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү кепилдик салым төгүү зарыл. Арыздарды кабыл алуу 21-февраль күнү саат 17:00дө аяктайт.
Толугураак маалымат алуу үчүн Токтогул, 228 дарегине кайрылып же (0700) 11-18-87 номерине чалууга болот.
500 сомдук купюра өзүнөн 53 эсе кымбат сатылууда