Нарында Volvo алты жылкыны сүзүп кетти. Сүрөт

Алдын ала божомолдор боюнча, ээн талаадан үйүр жылкы автокөлүктүн жарыгынан улам жолго чыга калган. Ал эми айдоочу автоунааны токтотууга жетишкен эмес.
Sputnik
НАРЫН, 20-янв. — Sputnik. Нарын районунун аймагында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа алты жылкыны сүзүп, андан соң оодарылып калган. Бул маалыматты аталган райондун ИИБинен тастыкташты.
1 / 2

Нарын районунун аймагында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа алты жылкыны сүзүп, андан соң оодарылып калган

2 / 2

Кырсык түндө болгон.

Кырсык түндө болгон.

"19-январга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Нарын районунун Эмгекчил аймагына караштуу Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа үйүр жылкыны сүзгөн. Автоунаа оодарылып кетип, үйүрдүн ичинен алты жылкы өлгөн. Айдоочу жабыркаган эмес, ооруканага дагы кайрылган жок", — деп билдиришкен.

Алдын ала божомолдор боюнча, ээн талаадан үйүр жылкы автокөлүктүн жарыгынан улам жолго чыга калган. Ал эми айдоочу автоунааны токтотууга жетишкен эмес. Милиция сүзүлгөн жылкылардын ээси табыла электигин, бул боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
Ат автоунаанын маңдайкы терезесинен кирип кеткен. Кырсыктан кийинки видео