Пресс-борбор

Министр: сапатсыз азыктар Кыргызстанда оорулардын көбөйүшүн шарттады

Аскарбек Жаныбеков жаштар арасында аллергия менен жабыркагандар көбөйгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда айыл чарба азыктарына минералдык жер семирткичтер менен гербициддерди көп өлчөмдө колдонгон абийирсиз өндүрүшчүлөр бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, кээ бир азыктарда нитраттын көлөмү коопсуз чектен ашып кеткен.
"Эгер помидорду өстүрүүдө жер семирткичтер көп көлөмдө колдонулса, ал жемиштин курамында калып калат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жашылча-жемиш гербицид менен пестицидди колдонуу эрежесин бузуу менен өндүрүлүүдө. Учурда биз нитраттын көлөмүн өлчөгөн приборлорду сатып алууну караштырып жатабыз. Алып калсак, жашоочулар базарга барганда жашылча-жемиштин сапатын текшере алат", — деди министр.
Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги абийирсиз фермерлердин жоопкерчилиги каралыш үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштеп жатат.
"Сапатсыз азык-түлүктөр акыркы үч жылда оорулардын көбөйүшүнө шарт түзүп берди. Жаштар арасында аллергиктер көбөйдү. Бардык оорулар жашарып баратканын дагы байкап жатабыз. Анын бир гана себеби — азык-түлүктүн сапатсыздыгы", — деди Жаныбеков.
Министр ведомствонун демилгеси менен тамактануучу жайларды, өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчүлөрдү текшерүүгө коюлган мораторий жокко чыгарылганын кошумчалады.
Пресс-борбор
Министр Жаныбеков: азык-түлүктүн кескин кымбаттап кетишине жол берген жокпуз