Пресс-борбор

Министр Жаныбеков: азык-түлүктүн кескин кымбаттап кетишине жол берген жокпуз

Айыл чарба министри 2022-жылы түшүм кандай болору боюнча божомолун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Өткөн жылы суу тартыштыгынан улам түшүм начар болуп калганына карабастан бийлик азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүп кетишине жол берген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде айыл чарба министри Аскар Жаныбеков билдирди.
"Биз көргөн чаралар рыноктогу бааны көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берди. 2022-жылы түшүм жакшыраак болот деп үмүттөнүп жатам. Бул үчүн баарын жасайбыз. Дан эгиндери былтыркыга салыштырмалуу жакшы жыйынтык берет деп ойлойм. Биз кумшекер кызылчасы менен май өсүмдүктөрүн эгүүнү сунуштап жатабыз. Картошка тигиле турган жер аянты дагы 5-7 пайызга көбүрөөк болот", — деди ал.
Өткөн жылы Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө алдыга чыккан.
Пресс-борбор
Министрлик: быйыл дагы дыйкандар үчүн суу жагынан оңой жыл болбойт