Күйүүчү май бир айдын ичинде 4-6 сомго кымбаттайт. Нефтетрейдерлердин божомолу

Казакстанда мунай продукцияларын экспорттоого тыюу салынганы белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир айдын ичинде бензин төрт, дизель алты сомго кымбаттайт. Мындай божомолун өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Анда Казакстандын ички суроо-талабы өскөнүнө байланыштуу мунай зат продукцияларын экспорттогоо тыюу салынганы белгиленет. Мындан улам коңшу өлкөдөн күйүүчү май ташуу токтотулган.
"Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен бирге күйүүчү май дефицитине жол бербөө үчүн  негизги тапшырмасын аткарып жатат. Кыргызстан импортко көз каранды, мунайдын 95 пайызы чет өлкөлөрдөн, тагыраагы, Россиядан алынат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле нефтетрейдерлер күйүүчү майдын баасы дүйнө жүзүндө дагы тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.
Бензин 36 сом эле. Бир жылда күйүүчү майдын баасы кандай өзгөрдү