COVID жуктуруп алган учурда үйдөн кантип дарылануу керек? Пайдалуу кеңештер

Адистер өз алдынча беш күндөй дарыланууга болорун айтып, эгер бейтап жакшы болбой деми кысыла баштаса, анда дарыгерге кайрылууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирус же анын "омикрон" штаммын жуктуруп алган бейтапка үй шартында туура дарылануунун жолун айтып, пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.
Үйдө болуу керек. Мүмкүнчүлүккө жараша үйдөгү башка адамдардан обочолонуу;
Эгерде дене табыңыз 38 градустан ашпаса, анда аны түшүрүү сунушталбайт. Болгону 2 литрге чейин суюктук (С витамини менен суу, чай) ичүү керек.

Температура 38 градустан ашкан учурда:

Парацетамол (бардык түрү) – суткасына 1 граммдан кем эмес. Бул дары боору ооругандарга болбойт;
Сезгенүүгө каршы нестероиддик каражаттар, мисалы, ибупрофен (ач карын ичүүгө болбойт). Аны эрозия, ашказан, он эки эли ичегисинде жарасы барлар этияттап колдонушу керек. Бул бейтаптарга кечкисин алдын алуу катары дене табын түшүрүүчү дарылар менен бирге эң аз дозада омепразол же эзомпразол ичүүнү сунуштоого болот.
өнөкөт бөйрөк жана жүрөк-кан тамыр оорулары барларга ибупрофен жана башка нестероиддик сезгенүүгө каршы каражаттарын колдонууга болбойт;
эгерде аллергия жок болсо, аспирин ичсе болот. Аспирин 18 жашка чейинки балдарга таптакыр сунушталбайт.

Тамак ооруганда:

тамакты чайкоо. Чайкоо үчүн (эгер аллергия жок болсо) антисептик касиети бар чөптөрдү (мисалы, шалфей, эвкалипт), ооруну басаңдатуучу каражаттарды камтыган таблеткаларды, спрейлерди (аннотациясын окуңуздар) колдонууга болот.
Байсалов: эми ПЦР-тест алуу токтотулат, COVID аныкталган мектептер жабылбайт

Мурун бүткөндө:

суткасына эки-үч жолу мурунга тамырларды ичкертүүчү касиети бар тамчылатмаларды тамызуу;
табигый деңиз тузун же кадимки тузду азыраак, же болбосо физиологиялык аралашма менен чайкаңыз;
мурунду тазалап, кылдаттык менен чайкап, жууш керек.
Бул мурундагы басымдын жогорулашын, кулактын сезгенүүсүн (ортоңку отит) алдын алат. Узакка созулган сасык тумоо да кулактын сезгенишине алып келиши мүмкүн, андыктан мурунду кургак кармоо керек. Процедурадан кийин колду жууп же антисептик менен тазалоо зарыл.

Жөтөлдө:

жөтөлгөн адамга чалкасынан жатпоо сунушталат (көмкөрөсүнөн жатканы оң);
какырык чыгаруучу дарыларды ичкен оң. Мисалы, ацетилцистеин – АЦЦ (бронхалык астмада, өнөкөт ашказан жана он эки эли ичегинин жарасында, 14 жашка чейинки балдарга жана өспүрүмдөргө болбойт) амброксол, бромгексин. Каршы көрсөтмөлөрүн сөзсүз окуу керек.
балдарга какырык чыгаруучу дарыларды дарыгердин дайындоосу боюнча гана берүү керек!
"Суюктукту көп ичип (дененин салмагына 1 кг – 30 мл), таттуу газдалган сууну (кола, фанта) ичпеш керек. Заараны көзөмөлдөө шарт. Суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү сатурацияны начарлатышы мүмкүн. Ошондой эле майлуу жана күчтүү тамактар сунушталбайт", — деп айтылат маалыматта.
Адистер өз алдынча беш күндөй дарыланууга болорун айтып, эгер бейтап жакшы болбой деми кысыла баштаса, анда дарыгерге кайрылууну сунуштаган.
Бишкекте коронавируска чалдыккандар кайсы ооруканадан орун таба алат