Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстан: банктар ызы-чууда каза тапкан жарандардын кредитин кечмей болду

Бирок мындай жеңилдик башаламандыкка катышкан маркум үчүн каралган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Январь айындагы башаламандыкта каза болгон казакстандыктардын кредиттерин кечүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо департаментинин директору Александр Терентьевге таянып жазды.
Анын айтымында, банктар аскер кызматкерлеринин да, жөнөкөй жарандардын да насыясын жоёт. Бирок мындай жеңилдик башаламандыкка катышкан маркум үчүн каралган эмес.
"Эгер маркум укук коргоо органдары, сот тарабынан башаламандыкка күнөөлүү деп табылса, карызы кечирилбейт. Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ызы-чууга катыштыгы жок жарандардын тизмесин түзүп жатабыз", — деди Терентьев.
Мындан сырткары, башаламандыкта жаракат алган адамдардын кредитин төлөө мөөнөтүн узартуу каралууда. Ага ылайык, жабыркаган юридикалык жана жеке тараптардын баарына өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып үч айга төлөө мөөнөтү узартылат.
Белгилей кетсек, январь айынын башындагы Казакстанда болгон башаламандыкта 225 адам каза тапкан, анын 19у күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Бул расмий жарыяланган алдын ала маалымат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстанда көз жумган эки кыргызстандыктын бири Алматыга коюлат