Пресс-борбор

Кайгуул милиция жөө адамдардын жолдогу негизги каталарын санады

Бишкекте жол кырсыктардын көпчүлүгү жөө адамдардын катышуусунда болот. Кайгуул милиция бул боюнча статистиканы келтирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2021-жылы Бишкекте жөө адамдар катышкан 1 346 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу шаардык милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Осмоналиев
Жалпы жонунан 1 384 адам жабыркаса, 42си көз жумган. Осмоналиев белгилегендей, Бишкекте жол кырсыктардын көпчүлүгү жөө адамдардын катышуусунда болот. 2020-жылы 987 учур катталган.
"Мындай кырсыктар айдоочулардын гана айынан эмес, жөө адамдардын да эреже сактабагандыгынан улам келип чыгат. Кырсыктын курмандыгы болгондордун көпчүлүгү жолду карабай телефонго алаксышат же аялдамага жетпей түшүп калышат", — деди Осмоналиев.
Анын айтымында, профилактика үчүн Кайгуул кызматы жума сайын "жөө киши" рейдин жүргүзөт. Башкармалык ошондой эле мэрияга Бишкектин 13 кесилишине жер алдындагы өтмөктөрдү курууну сунуштады.
Чүйдө эки автоунаа кагышып, 51 жаштагы киши көз жумду. Сүрөт